Опубликовано
14.01.2021, 04:15Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик бюджетке 7.2 млн сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
[news 31291]
Маалым болгондой, мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери 2018-жылдан 2020-жылга чейин дары чөптөрдү чогултууга уруксат үчүн толук акы талап кылган эмес.
Кошумчалай кетсек, азыркы учурда башкы прокуратура тарабынан сот чейинки өндүрүш иштери башталган.