Мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай кенемтелер өз убагында төлөнөт

12.06.2020, 15:30 Акчабар
Мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай кенемтелер өз убагында төлөнөт

Мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай кенемтелер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккан жеке ассистенттердин айлык акылары, багып алуучу үй-бүлөлөргө жана убактылуу үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдарга берилүүчү каражаттар өз убагында толук кандуу төлөнөт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 1-майына карата өлкө боюнча 446 миң 900 жаран мамлекеттик жөлөк пулдарды алат.

«Анын ичинен «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун 314 миң 600 үй-бүлө алат. Ай сайын социалдык жөлөк пулдарды алчулардын саны 94 миң 800 адам болсо, анын орточо көлөмү 3 миң 300 сомду түзөт. Жыл башынан бери "балага сүйүнчү" 37 миң 500 балага төлөнүп берилди. Кош бойлуулук, төрөт жана сөөк коюу боюнча алган жөлөк пулдардын жалпы саны 12 миң 300 адамды түздү. Мындан сырткары, ай сайын 25 категориядагы адамдар жеңилдиктердин ордуна 1 миң сомдон 7 миң сомго чейин акчалай кенемтелерди алышат. Алардын саны 41 миң адамды түзөт», - дейт ал.

Тэги: жөлөкпул кенемте мамлекет үй-бүлө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть