Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация 2-13-июнь күндөрү өтөт

26.05.2020, 12:15 Акчабар
Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация 2-13-июнь күндөрү өтөт

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация кандай өткөрүлө тургандыгын айтып берди.

Анын айтымында, 2-13-июнь күндөрү мектептерде мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация болуп өтөт.

«Ар бир сабак боюнча предметтик комиссия түзүлөт. Класс жетекчи, сынак тапшырылган сабактын мугалими предметтик комиссияга ар бир окуучунун бир жылдагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берет. Предметтик комиссия ал маалыматтардын негизинде жыйынтыктоочу бааны коет. Ал жыйынтыктоочу баа экзамендик баа болуп саналат», — деди ал.

Тэги: Өкмөт үйү маалымат жыйын билим берүү министри Надира Жусупбекова

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть