Опубликовано
07.09.2020, 03:05КР финансы министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик карызды төлөө үчүн үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттен жалпысынан 20 млрд 40.4 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат.
[news 27758]
Мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө 8 млрд 852 млн сом жумшалган. Ошол эле учурда ички карызды жабууга 11 млрд 188 млн сом бөлүнгөн.
Кошумчалай кетсек, мамлекеттик карыздын көлөмү бир ай ичинде 7.5 млрд сомго жогорулаган.