Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө бюджеттен 3803,5 млн.сом каржыланган

10.08.2020, 15:19 Акчабар
Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө бюджеттен 3803,5 млн.сом каржыланган

Ушул жылдын 1-июлуна карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын саны 503,2 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 339,2 миң адамды, “Социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 96,7 миң адамды, бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 67,3 миң адамды түздү.

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 868,8 сом. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3 миң 29,8 сомду түздү.

“Балага сүйүнчү” жөлөкпул 2018-жылдын 1-январынан тартып жаңы төрөлгөн бардык балдарга 4 миң сом өлчөмүндө чектелет.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттен жалпы суммасы 3803,5 млн.сом (өсүш 4,2%) акча каражат менен каржыланган.

Тэги: мамлекеттик жөлөк пул Эмгек жана социалдык өнүктүрүү м балага сүйүнчү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть