Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

09.11.2020, 05:30

Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрына карата өкмөттүн мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарына болгон милдеттенмелери 48 млрд 182 млн 562.4 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

[news 29803]

Бюджетке акча тартуу үчүн бийлик, жалпы көлөмдөн 38.23% туура келген 7 жылдык МБК колдонгон.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери мамлекет бюджетке баалуу кагаздардын эсебинен 5 млрд 268.8 млн сом тарткан.

Эске сала кетсек, 5 жылдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча 6-ноябрда өтүүчү аукцион талаптын жоктугунан улам өтпөй калган. Баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 400 млн сом тартуу пландалган.


Читать похожее

  • 17.07.2024, 22:36:30
  • 02.07.2024, 03:09:56
  • 04.04.2024, 04:43:01
  • 15.03.2024, 04:52:10