akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.10.2019, 10:19

    ИИМ мамлекеттик кызматкердин пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

    2019 – жылдын сентябрь айдын аягында Ош шаарынын жашоочусу ИИМге мамлекеттик кызматкердин пара талап кылып жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

    Мамлекеттик курулуш кызматы астындагы Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долборлоо институтунун кызматкери өндүрүштүк имаратка уруксат кагазын берүү үчүн 10 миң сом өлчөмүндөгү акча талап кылган.

    Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

    Учурда Ош ш. ИИМдин тергөө кызматы 238 – беренеге ылайык, сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жатат.


    Читать похожее

    • 25.04.2024, 04:44:53
    • 21.11.2019, 23:59:13
    • 10.10.2019, 04:19:39
    • 02.10.2019, 01:56:14