“Манас” аэропортунун акциялары дээрлик жарым млн сомго сатылды

26.04.2022, 16:38 Акчабар
“Манас” аэропортунун акциялары дээрлик жарым млн сомго сатылды

Кечээ, 25-апрелде “Манас” аэропортунун акцияларын сатып алуу-сатуу боюнча жалпы суммасы 467,4 миң сомго бүтүм катталды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Андагы маалыматка караганда, экинчилик рынокто бүтүмдүн бир акциянын баасы 779 сомдон болгон. Жалпысынан 600 акция (жалпы үлүштүн 0,002%) сатылган.

Белгилей кетсек, “Манас” эл аралык аэропортунун” ААКсынын акциялары Кыргыз фондулук биржасынын экинчилик рыногунда эң популярдуу баалуу кагаздардын катарына кирет.

Тэги: акция экинчилик рынокто

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть