Марипов: укук коргоо органдарынын иш-аракеттери бизнести колдоо жагына өзгөрөт

26.02.2021, 12:50 Акчабар
Марипов: укук коргоо органдарынын иш-аракеттери бизнести колдоо жагына өзгөрөт

Премьер-министр Улукбек Марипов өлкөнүн бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалат.

Жолугушууда өкмөт башчы жакын арада өтө туруучу Коопсуздук кеңештин жыйынында инвестицияларды коргоо негизги маселе катары караларын билдирди.

«Аталган тема өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Буга Президенттин «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгы далил. Бүгүнкү күндө бизнес жана инвесторлор менен жүргүзүлүп жаткан иштер аталган Жарлыкты ишке ашырууга багытталган. Жакынкы арада Коопсуздук кеңешинин кеңешмеси өтөт, анда талкуулоонун негизги блогу катары бизнес жана инвестициялар маселеси, ошондой эле укук коргоо органдары, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү бийлик органдары жана алардын кызматтык жактары менен өз ара аракеттешүү маселеси болот», - деп белгиледи премьер-министр.

Улукбек Марипов укук коргоо органдарынын бизнес менен өз ара аракеттешүүсү түп-тамырынан бери бизнести колдоо жагына өзгөрөрүн айтты.

Робин Орд-Смит анын кесипкөй командасы бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча актуалдуу сунуштарды берүү менен реформалар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер алкагында максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тэги: Улукбек Марипов премьер-министр Робин Орд-Смит бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть