Марипов: Төрткүл суу сактагычын стратегиялык объектилерге киргизүү боюнча иш башталды

08.02.2021, 13:30 Акчабар
Марипов: Төрткүл суу сактагычын стратегиялык объектилерге киргизүү боюнча иш башталды

Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы, анын башкы суу буруучу жерин стратегиялык объектилерге киргизүү боюнча иш башталды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн видео кайрылуусунда билдирди.

«Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары жакшы түшүнүп турат. Сөз Ак-Сай айылындагы башкы суу бөлүштүрүү тосмосунун 500-600 метр жогору болгон кошуна өлкөгө тиешелүү Кайырма каналы тууралуу болгон. Ак-Суу дарыясы жөнүндө айткам. Бирок тилекке каршы, кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурууга аракет кылышы мүмкүн. Ушул маселени келечекте биздин өлкөнүн кызыкчылыгына чечиле тургандай, мыйзамдын чегинде чечүүбүз зарыл. Төрткүл суу сактагычы, анын башкы суу буруучу жерин стратегиялык объектилерге киргизүү боюнча иш башталды. Муну биз президентке жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жакынкы күндөрү сунуштайбыз», - деди ал.

Марипов кошумчалагандай, коңшу Тажикстан менен ынтымакта жашап, бардык маселелер дипломатиялык жол менен чечилиши керек.

Бүгүнкү күндө Төрткүл суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң га ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагыч Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Тэги: Төрткүл суу сактагыч объекти Улукбек Марипов премьер-министр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть