Маркум пенсионерлердин атынан туугандары 8 млн сом алышкан

28.11.2023, 14:35 Акчабар
Маркум пенсионерлердин атынан туугандары 8 млн сом алышкан

2023-жылы каза болгон пенсионерлердин жакындары карта аркылуу пенсия алган 80 учур катталган. Мындай төлөмдөрдүн жалпы суммасы 8 млн сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев бюджет жана экономикалык фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы ушул сыяктуу 280 факты катталган. Андан кийин пенсионердин өлүмүн жашырган жакындарына 28 млн сом которулган.

Депутат Дастан Бекешев Социалдык фондго маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинен түз келип, жакындары кабарлашын күтпөстөн, бөлүмдөрдүн ишин тез арада санариптештирүү зарыл экенин белгиледи. Ал ошондой эле жер-жерлерде буга жол берген мамлекеттик кызматкерлерди жазалоону сунуштады.

Тэги: маркум пенсионерлер пенсия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть