Маркумдардын атынан алынган 8 млн сом пенсия бюджетке кайтарылды

07.02.2024, 15:40 Акчабар
Маркумдардын атынан алынган 8 млн сом пенсия бюджетке кайтарылды

Көп учурда пенсионерлер банк карталарын кичүү балдарына же неберелерине берип коет. Пенсионер каза болуп, анын атына пенсия чегерилген учурлар болуп калат. Мындай учурда Социалдык фонд укук коргоо органдарына кайрылбай эле маркумдун жакындарына акчаны кайра төлөттүрөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Акчабарга” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы маркумдардын атынан алынган 8 млн сом толугу менен мамлекетке кайтарылды.

“Биз көбүнчө "каза болду" деген кабарламаны граждандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнөн (ЗАГС) алып турабыз. Бирок, кээ бир жарандар маркум пенсионердин кыркы чыкканча кабарлабай коет. Мамлекеттик органдарга маалымат берилбей калат, ал учурда биз дагы көзөмөлдөй албай калабыз. Каза болгондугу тууралуу күбөлүктү бергенден кийин эгер убакыты өтүп кетсе, төлөп бергиле деп айтабыз. Талап кылабыз”, - дейт Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев.

Эскерте кетсек, буга чейин “Акчабар” 2023-жылы каза болгон пенсионерлердин жакындары карта аркылуу пенсия алган 80 учур катталганын, анын суммасы 8 млн сом болгондугун жазган.

Тэги: маркум пенсия пенсия алуучулар Бактияр Алиев Соцфонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть