Материалдык резервдер фонду 10 миң тонна буудай сатып алат

21.08.2020, 14:00 Акчабар
Материалдык резервдер фонду 10 миң тонна буудай сатып алат

Материалдык резервдер фонду ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн 10 миң тонна буудай сатып алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдирди.

«Апрель айында мамлекеттик бюджеттен 411 млн сом бөлүнүп, апрель, май, июнь айларында Россиядан 33 миң тонна буудай алынган. Алар матеиалдык резервдер фондунун кампасында сакталууда. 6-февралдагы өкмөттүн буйругуна ылайык, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында алардан 10 миң тонна буудай алуу маселеси турат. Буудай Айыл чарба министрлиги тарабынан белгиленген квота боюнча сатып алынат. Бүгүнкү күнү Каржы министрлигинде акча маселеси каралып жатат. Акча маселеси чечилсе биз 10 миң тонна буудайды алууга даярбыз», - деди ал.

Тэги: Материалдык резервдер фонду буудай Өкмөт үйү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть