Матраимовдун эсепке которгон акчасы 1.2 млрд сомду түздү

21.12.2020, 14:00 Акчабар
Матраимовдун эсепке которгон акчасы 1.2 млрд сомду түздү

18-декабрга карата Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке 1.2 млрд сом которду. Бул тууралуу Борбордук казынадан маалымдашты.

Ушул жылдын 20-октябрында Райымбек Матраимов коррупция фактысы боюнча кармалган. Бирок ошол эле күнү сот аны эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон. УКМКдан билдиришкендей, Матраимов мамлекетке келтирген чыгымдын көлөмү, тергөө боюнча 2 млрд сомду түзгөн.

Азыркы учурда, Борбордук казынанын маалыматына ылайык, Матраимов эсепке 1 млрд 224 млн сом которгон.

Кошумчалай кетсек, которулган сумма келтирлген чыгымдын 61% түзөт.

Тэги: Матраимов эсеп чыгым млрд сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть