2020-жылдын 8-декабрына карата 608 медицина кызматкерине 200 миң сомдон компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, каза болгон 30 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 млн сомдон төлөнүп берилген.
Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда.