2020-жылдын июль айына медицина кызматкерлерине 396 млн 60 миң сом төлөндү

30.07.2020, 11:35 Акчабар
2020-жылдын июль айына медицина кызматкерлерине 396 млн 60 миң сом төлөндү

Курман-Айт майрамынын алдында, Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жок кылуу боюнча Оперативдик штабдын чечими менен, медицина кызматкерлерине июль айына компенсациялык төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27 – июлундагы №264-буйругу менен республикалык бюджеттен Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн сом жана КР Өкмөтүнө караштуу ММК Фондуна 400,0 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

[news 26533]

Маалыматка ылайык, бул бөлүнгөн каражаттын ичинен 29-июль күнү саламаттык сактоо уюмдарына 225 млн сом төлөнүп берилди, анын ичинде:
- Бишкек ш.— 58733.8 миң сом;
- Чүй облусу — 37278.7 миң сом;
- Ош облусу жана Ош ш.— 34110.8 миң сом;
- Баткен облусу — 13054.9 миң сом;
- Жалал-Абад облусу – 28871.0 миң сом;
- Нарын облусу — 14904.8 миң сом;
- Ысык-Көл облусу — 24879.2 миң сом;
- Талас облусу — 13165.9 миң сом.

Бул сумма саламаттык сактоо уюмдарынын болжолдуу эсептөөлөрүнө жараша төлөнүп берилди, компенсациялык төлөөлөрдү жүргүзүү үчүн бардык табелдер жана саламаттык сактоо уюмдарынын эсептешүү ведомосттору даярдалган эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул зарыл болгон сумманын 55-60% түзөт.

30-июлда саламаттык сактоо уюмдарына инфекциянын очокторунда иштеген медицина кызматкерлерине бардык төлөмдөрдү ыкчам жана толук төлөө үчүн дагы 171, 6 млн сом төлөп берүү пландалууда. Кошумча төлөмдөрдү өлкө боюнча 14 миңге жакын медициналык кызматкерлер алышат.

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген 230 саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине июль айында Социалдык фондко кепилденген айлык маянадан жана чегеррүүлөрдөн 851,7 млн сом өлчөмүндө каражат төлөндү.

Тэги: медицина кызматкерлерине компенс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть