Медиктерге үй ай ичинде 259,1 млн сомго кенемте төлөнүп берилген

23.06.2020, 17:45 Акчабар
Медиктерге үй ай ичинде 259,1 млн сомго кенемте төлөнүп берилген

Акыркы үч айда медиктерге жалпы 259 млн 100 миң сом кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде билдирди.

Вице-премьер медкызматкерлер айлык акысын толук түрдө алышканын айтат.

«Март айынан бери эпидемиологиялык абал курч болгон жерде иштегендерге кошумча каражаттар төлөнүүдө. Алсак, март айы боюнча 6 миң 438 медкызматкерге жалпы 37 млн 700 миң сом, апрель айында 10 миң 61 медкызматкерге 111 млн 600 миң сом, майда 8 миң 991 медикке 109 млн 800 миң сом кошумча каражат төлөнгөн», - дейт ал.

Исмаилова кошумчалагандай, стационарда иштеген дарыгерге бир күндүк иши үчүн 2 миң 300 сом, орто медкызматкерге 2 миң сом жана кенже медкызматкерге 1 миң 800 сом төлөнөт. Ошондой эле кадимки тартипте иштеген дарыгерге саатына 100 сом, орто медкызматкерге 90 сом жана кенже медкызматкерге 80 сом берилет. Ал эми тез жардам кызматы боюнча айтсак, илдетке кабылган жаранды алып келүүгө дарыгер 600 сом, орто медкызматкер 500 сом жана кенже медкызматкер 400 сом алат.

Тэги: медиктер кенемте каражат млн сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть