Медкызматкерлерге кандай шартта кандай кенемте төлөнө турганы мыйзамдаштырылды

29.06.2020, 17:05 Акчабар
Медкызматкерлерге кандай шартта кандай кенемте төлөнө турганы мыйзамдаштырылды

Өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов «Медицина кызматкеринин статусу» тууралуу жаңы мыйзам медиктерге кандай таасир тийгизе турганын айтып берди.

Анын айтымында, буга чейин медкызматкерлердин статусу жөнүндө мыйзам иштеп келген. Бирок ал жерде медиктерге өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминде канча суммадагы кенемте төлөнө турганы жазылган эмес.

«Биз мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргиздик. Демилге көтөргөн депутаттар болду. Эми медкызматкерлерге кандай шартта кандай кенемте төлөнө турганы мыйзамдаштырылды», - дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Тэги: Өкмөт үйү брифинг министр Медкызматкерлерг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть