Медкызматкерлерге июлда 396 млн сомдон ашык компенсация төлөндү

04.08.2020, 15:36 Акчабар
Медкызматкерлерге июлда 396 млн сомдон ашык компенсация төлөндү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду июль айындагы медиктердин компенсациялык төлөмдөрү боюнча маалымат берди.

Аталган фонд тарабынан коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине июль айына берилген компенсациялык төлөмдөр облустар боюнча төмөндөгүдөй:

Бишкек – 3469 медкызматкерге 103 млн 5835 миң сом төлөнгөн;

Талас облусу - 11 саламаттык сактоо мекемесинин 889 кызматкерлерине 15 млн 274 сом төлөнгөн;

Ош шаары жана Ош облусу - 31 медкызматкерге 72 млн 451 миң 881 сом төлөнгөн;

Нарын облусу – 12 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 20 млн сом төлөнүп берилген;

Ысык-Көл облусу – 28 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 млн 505 миң 397 сом төлөнгөн;

Баткен облусу – 16 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 15 млн 496 миң сом төлөнгөн;

Чүй облусу - 24 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 38 млн 915 миң 700 сом төлөнгөн;

Жалал-Абад облусу - 31 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 млн 080 миң сом төлөнгөн.

Июлда төлөнгөн компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасы - 396 миллион 60 миң сомду түздү.

Тэги: медиктер медиктерге компенсация ММКФ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть