Опубликовано
06.08.2020, 05:14Финансы министрлиги медициналык кызматкерлерге республикалык бюджеттен компенсациянын өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн 673,4 миллион сом өлчөмүндө кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүп берди.
Анын ичинде Саламаттык сактоо министрлигине 47,8 млн сом жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 625,6 млн сом бөлүндү.
"Саламаттыкты сактоо уюмдарында эмгек акыны төлөө боюнча карыздар жок", - деп белгилейт министрлик.