MEGA байгеге койгон TESLA’ны ким жеңди? «Унаа курап ал» суроо-жооп оюнунун жеңүүчүсү жарыяланды

29.12.2022, 12:06 Акчабар
MEGA байгеге койгон TESLA’ны ким жеңди? «Унаа курап ал» суроо-жооп оюнунун жеңүүчүсү жарыяланды

Ура! MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору «Унаа курап ал» суроо-жооп оюнунун алгачкы турунун жыйынтыгын чыгарып, баш байгеге коюлган TESLA Model 3 электромобилинин бактылуу жеңүүчүсүн аныктады.

Ультразаманбап экологиялык электромобилдин ачкычын тапшыруу аземи 27-декабрда Dordoi Plaza 2 оюн-зоок соода борборунда болуп өттү.

Кеченин көп күттүргөн кульминациясына чейин атамекендик ырчылардын катышуусундагы концерттик программа, ошондой эле бардык каалоочулар катыша алган кызыктуу оюндар уюштурулуп, MEGA даярдаган белектер өз ээлерин тапты.

Андан соң көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабууларынын коштоосунда компаниянын өкүлдөрү 2022-жылдын 29-августунда башталып, 3 айга созулган суроо-жооп оюнунун жеңүүчүсүн аташты. TESLA Model 3 баш байгенин ээси Бишкек шаарынын жашоочусу Асель Сулайманова болду.

«Электрокар уткандыгым жөнүндө SMS билдирүү келгенде, алгач ишенген жокмун. Качан мага байланышып MEGA компаниясынын кеңсесине чакырышканда, менде сөз менен айтып бере алгыс сезимдер болду, – деп кубанычы менен бөлүштү жеңүүчү. – Бул мага дагы деле жомоктой сезилип жатат, мен абдан бактылуумун! Көп жылдан бери MEGA’нын абоненти болуп келем. Шаардагы көрнөктөрдүн биринен суроо-жооп оюну тууралуу окуп, өз күчүмдү сынап көрүүнү чечтим. Суроолор өтө деле оор эместей сезилди, ошол себептен аягына чейин катышып, күн сайын суроолордун жообун жөнөтүп, ал эми жооптор туура чыгып жатты. MEGA компаниясына ушундай байге үчүн ыракмат!»

Эсиңиздерге салабыз! Алдыда MEGA’нын абоненттерин ар бир турга баш байге катары электромобиль коюлуучу «Унаа курап ал» суроо-жооп оюнунун дагы үч туру күтүүдө. Демек, MEGA дагы үч TESLA Model 3 унаасын ойнотот! Сиз дагы TESLA унаасынын жеңүүчүсү болуп калышыңыз толук ыктымал. Оюнга катышуунун жол-жоболорун компаниянын расмий сайтынан табасыздар.

Ойногула жана уткула! Эсиңиздерде болсун: канчалык активдүү болсоңуздар, ошого жараша жеңүүчү болуу мүмкүнчүлүгү жогору болмокчу.

Тэги: Mega Tesla

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть