akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: MegaCom

    Опубликовано

    08.09.2020, 11:44

    MegaCom компаниясы бүткүл Кыргызстан боюнча байланыштын сапатын жакшыртып жана каптоо аймагын кеңейтүүгө пландалган иштерин улантат.

    2020-жылдын августунда жүргүзүлгөн техникалык иштердин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын жети облусунда тең байланыштын сапаты жана 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөргүч касиети жогорулады.

    Бишкек, Кант, Кара-Балта, Кара-Суу, Ноокат, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы базалык станцияларды модернизациялоо 4G түйүнүнүн өткөргүч сапатын арттырды. Төмөндөгү айылдарда дагы байланыштын жана төртүнчү муундагы интернеттин сапаты жакшыртылды:

    • Нарын облусунун Баетов, Кайыңды-Булак, Терек айылдары;
    • Ош облусунун Араван, Кара-Таш, Нойгут, Таштак, Темир-Корук, Фуркат, Чучук айылдары;
    • Талас облусунун Майское, Новодонецкое айылдары;
    • Чүй облусунун Жекен, Жайыл, Мраморное, Фёдоровка айылдары.

    Базалык станцияларды жаңылоонун аркасы менен MegaCom'дун 3G-сигналы Бишкек, Кара-Балта, Кара-Суу, Ош шаарларында жана төмөнкү айылдарда да байкалды:

    • Баткен облусунун Алга, Чуңкур-Кыштак айылдары;
    • Ош облусунун Нойгут айылы;
    • Чүй облусунун Маевка, Петропавловка айылдары.

    Кошумча жабдууларды ишке киргизүүнүн натыйжасында 4G байланышы менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө Жалал-Абад облусунун Жалгыз-Өрүк, Көк-Таш, Орто-Суу айылдарында жана Чүй облусунун Калдык айылында жашаган MegaCom'дун абоненттери ээ болушту. 3G стандартындагы жаңы базалык станциялар Жалал-Абад облусунун Ноот, Толук жана Чаар-Таш айылдарында ишке киргизилди.

    Түйүндүн каптоо аймагы боюнча маалыматты онлайн Интерактивдүү картадан алууга болот. Картанын жардамы менен жакынкы базалык станциянын сигналынын деңгээлин, 2G, 3G жана ылдам 4G-каптамы жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү да бар.

    MegaCom - ишенимдүү байланыш оператору!


    Читать похожее