MegaCom обсервацияларды акысыз байланыш − стационардык телефондор менен камсыздады

01.07.2020, 12:50 Акчабар
MegaCom обсервацияларды акысыз байланыш − стационардык телефондор менен камсыздады

MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бергеликте коронавируска шектелип обсервацияларда жаткан жарандарды жана аларды дарылап карап жаткан дарыгерлерди колдоо максатында карантин жайларын 5 стационардык телефон менен камсыздады.

Алардын жардамы менен карантинде жаткан бейтаптар жана медицина кызматкерлери MegaCom түйүнүнүн ичинде 5 мүнөткө чейинки акысыз чалууларды аткарып жана келип түшкөн чалууларды чектөөсүз кабыл ала алышат.

Ошондой эле бул телефондордо КРдагы башка операторлордун номерлерин колдонгон жакындарыңыз кайра чалышы үчүн коңгуроо кылуу (маяк берүү) функциясы да бар.

«Эпидемиялык оор абалга байланыштуу MegaCom компаниясы обсервациялардагы медицина кызматкерлерин жана жарандарды байланыш менен камсыздоо чечимин кабыл алды. Биз абоненттерибизди баалайбыз жана бекем ден соолук каалайбыз», - деп белгилейт «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Тэги: MegaCom обсервация акысыз байланыш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть