MegaPay төлөм тиркемеси КРдин Электрондук коммерция ассоциациясына кирди

05.10.2022, 14:41 Акчабар
MegaPay төлөм тиркемеси КРдин Электрондук коммерция ассоциациясына кирди

Өлкөдөгү электрондук сервистер тармагындагы лидерлердин бири болгон MegaPay төлөм тиркемеси – «Кыргызмобайлкомпани» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясынын мүчөсү макамын алды.

«Кыргызмобайлкомпани» ЖЧКсынын аталган ассоциациянын мүчөсү болуп киргендиги боюнча тастыктаманы тапшыруу аземи 2022-жылдын 4-октябрында MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун башкы кеңсесинде өттү.

Жолугушуунун катышуучулары электрондук коммерциянын маанилүүлүгүн белгилешип, каржылык операциялардын ачыктыгы жана өлкөнүн бюджетине түшкөн акчанын көлөмүн көбөйтүү менен Кыргызстандын экономикасын модернизациялоодо ал башкы курал боло ала тургандыгын айтышты. Муну менен катар эле Ассоциациянын мүчөлөрү КРнын эл аралык соода, логистика жана башка багыттарда потенциалы чоң экенин белгилешти.

Маалымат үчүн: Электрондук коммерция ассоциациясы – Кыргыз Республикасында E-commerce'ни өнүктүрүү боюнча иштеген компаниялардын тайпасы. Маркетплейс жана төлөм сервистери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен Ассоциация Кыргызстандагы онлайн бизнестин кызыкчылыктарын ишке ашырат, ишкерлерге глабалдык рынокко чыгуусу үчүн товарларын экспорттоо иштеринде колдоо көрсөтүп, Электрондук коммерция ассоциациясынын мүчөлөрү арасында нетворкингдер үчүн аянтча болуп берет.

Тэги: MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть