akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.09.2019, 07:03

    2019 – жылы дүйнө жузүндө мигранттардын саны 272 млн.го жеткен. Бул тууралуу ООНдун экономикалык жана социалдык суроолор боюнча департаменти билдирет.

    Азыр мигранттар дүйнөдөгү калктын санынан 3.5% түзөт.

    Мигранттар тууралуу жаңы докладтарда, “мигранттар качкындардан айырмаланып өздөрүнүн жашоо-шартын оңдоо максатта, жакшы маяналуу жумушта иштөө максатта башка өлкөгө кетишет. Алар туруктуу өнүгүүгө карай бет алышат, ошол эле учурда өздөрү колдоо жана жардамга муктаж болуп келишет” – деп жазылат.

    АКШ – мигранттар үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу өлкө болуп эсептелет. Учурда АКШда 51 миң чет элдиктер бар. Ал эми Германия менен Сауд Арабияда 19 млн. мигрант жашайт. Улуу Британияда – 10 млн., Канада, Франция, Австралияда – 8 млн. мигрант бар, ал эми Италияда – 6 млн.

    Мигранттардын 48% аялдар жана кыздар түзөт, 20 жашка чейинки жаштар – 14%, эмгекке жарамдуу жарандар 20 жаштан 64 жашка чейин 74% түзөт.


    Читать похожее

    • 18.09.2019, 01:03:56