Опубликовано
10.10.2020, 12:20Мыктыбек Абдылдаев, бүгүн 10-октябрда спикерлик кызматтан отставкага кетти. Бул тууралуу ал өзү бүгүнкү депутаттардын жыйынында билдирди.
[news 28887]
«Мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым. Буга чейин мага ишеним артканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Спикерлик кызматты азыр мыйзамга ылайык Мирлан Бакиров алып барат», - деп айтты Абдылдаев.
Эске сала кетсек, Мыктыбек Абдылдаев 5-октябрда, өлкөдөгү башаламандык маалында спикер болуп шайланган. Ал эми ага чейинки спикер Дастан Жумабеков дагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен.