Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жаңы төрага дайындалды

26.03.2021, 17:30 Акчабар
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жаңы төрага дайындалды

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы болуп Артурбек Жумуназаров дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу Фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Жуманазаров Артурбек Беренбековичтин өмүр таржымалы;

  • 1966-жылы 22-январда туулган. Билими жогорку. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун «Врач-хирург» адистиги боюнча аяктаган.
  • 1989-1990-жж. Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканасынын базасында интернатура
  • 1990-1992-жж. Бишкек шаардык №1 шаардык клиникалык ооруканасынын врач-хирургу
  • 1992-1996-жж. Жүрөк кан-тамыр тармагы боюнча врач-хирург
  • 1996 -1998-жж. Улуттук кардиология жана терапия борборунун кийин пайда болгон жүрөк кемтигинин хирургиясы бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери 1990-2002-жж. Улуттук кардиология жана терапия борборунун чоңдордун жүрөк хирургиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери
  • 2002-2003-жж. Улуттук кардиология жана терапия борборунун жүрөк кемтигинин хирургиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери
  • 2003-2004-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери
  • 2004-2006-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары
  • 2006-2007 гг. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун кийин пайда болгон жүрөк кемтигинин хирургиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери
  • 2007-2008-жж. Тараз шаарындагы (Казахстан) Жүрөк хирургиясы борборунун операциялык блогунун башчысы
  • 2008-2011-жж. Бишкек шаарындагы Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун врач-хирургу
  • 2011-2012-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун перфузиология лабораториясы менен операциялык блог бөлүмүндө Врач-инфузиолог
  • 2012-2014-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун башкы врачы
  • 2014-2015-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары
  • 2015-2017-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун перфузиология лабораториясы менен операциялык блог бөлүмүнүн башчысы
  • 2017-2020-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары
  • 2020-2021-жылдын март айына чейин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын директору

Тэги: фонд министрлик Улукбек Марипов премьер-министр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть