Министрлер кабинети бюджетти 400 млрд сомго жеткирүүнү пландаштырууда

21.03.2022, 17:56 Акчабар
Министрлер кабинети бюджетти 400 млрд сомго жеткирүүнү пландаштырууда

Азыркы учурда министрлер кабинетинин алдында маанилүү милдеттер турат. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына карата өтүп жаткан салтанаттуу иш-чаранын жүрүшдө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин алдында гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга, жашыл экономиканы, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган милдеттер турат.

“Биз реформалардан коркпойбуз, кайда бара жатканыбызды, эмне максаттарды алдыга койгонубузду билебиз. Азыркы биздин аракетибиз консолидацияланган бюджетти быйыл – 400 млрд сомго, келерки жылы 500 млрд сомго жеткирүүгө багытталган. Биз бардык күч-аракетибизди карыздарыбызды төлөп, кыргыз элинин бакубат жашоосун камсыз кылууга жумшайбыз! Бизге бир гана нерсе керек – биримдик жана эмгек!”,- деди Жапаров.

Ошондой эле ал өткөн жылдын эң маанилүү окуясы «Кумтөр» кенинин кыргыз элине кайтарылышы болгонун айтып, мындан ары карай Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргызстанда сакталып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштей тургандыгын белгиледи.

Тэги: консолидацияланган бюджет реформа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть