Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

20.06.2024, 09:40

Мүлк салыгын төлөө мурдагыдан дагы жеңилдеди. Эми бул үчүн Салык кызматына жана банктарга баруунун кажети жок, - дешти Мамлекеттик салык кызматынан.

Бул үчүн жаран жеке кабинетиндеги “Салыктарды төлөө” бөлүмүнө кириши керек. Андан кийин салыктын түрүн тандоо зарыл.

Мүлк тууралуу толук маалымат жана QR-код пайда болот. Аны каалаган мобилдик капчык аркылуу сканерлеп, төлөм жүргүзсө болот.


Читать похожее