ММК фондунун бюджети ушул жылга 11,6 млрд сом өлчөмүндө бекитилди

06.08.2020, 16:38 Акчабар
ММК фондунун бюджети ушул жылга 11,6 млрд сом өлчөмүндө бекитилди

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна ушул жылга республикалык бюджеттен 11 миллион 563,2 сом суммасында каражат бекитилген.

Мындан тышкары Социалдык фонддон 2 миллион 565,3 сом суммасында милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү катары берилүүчү каражат. Бул тууралуу бүгүн, 6-августа бирифингде ММК фондунун төрайымы Эльнура Боронбаева билдирди.

«ММК фондуна акыркы 7 айда 7 миллиард 732,5 миллион сом келип түштү, анын ичинде республикалык бюджеттен – 6 миллиард 604 миллион сом, Социалдык фондунан – 1 миллиард 128,5 миллион сом түшкөн», - деп маалымдады Боронбаева.

ММК фондунун жалпы бюджетинен ушул жылдын 7 айында саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетине 7 миллиард 31,5 миллион сом багытталды.

«Саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы чыгымдарынын негизги үлүшүн эмгек акы катары төлөнгөн чыгымдар түзөт – 4779,3 же 67,6%, дары-дармек каражаттарын, анын ичинде жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга – 1405,1 млн.сом же 23,7%, тамак-аш азыктарын сатып алууга – 201,4 млн. сом 2,7%, коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө – 291,8 млн. сом 5,3%, жабдууларды сатып алууга – 29,4 млн.сом же 0,1%, транспорттук кызматтарга – 29,1 млн. сом 0,4% каражат жумшалган жана 85 млн.сом башка чыгымдарга жумшалган, анын ичинде адистештирилген ооруканалардын коргоо кызматына кеткен каражаттар». деди ММК фондунун жетекчиси.

Мындан тышкары, 210,4 млн сом үй-бүлөлүк дарыгерлерге төлөнүп берилген.

Жыл башынан тартып медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүгө 623,8 млн.сом сарпталган.

Тэги: ММК фонду медиктер Эльнура Боронбаева

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть