Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз сактоодогу 44.4 миң бөтөлкө алкогол ичимдиктерин кармады

13.07.2020, 16:25 Акчабар
Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз сактоодогу 44.4 миң бөтөлкө алкогол ичимдиктерин кармады

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери күмөндүү акциздик маркасындагы 44 миң 478 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктердин мыйзамсыз сактоо фактысын ачыктады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Өзгөн районундагы сактоочу жайлардын биринде ар кандай көлөмдөгү жана аталыштагы 36 миң 500 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктери алынган. Материалдар керектүү чараларды кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлөт.

Ошондой эле, Жалал-Абад облустук Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылындагы жеке турак жайлардын биринин сактоочу жайынан 7 миң 978 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктер алынган. Аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тэги: мыйзамсыз сактоо алкоголь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть