МСК: Салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат жайылып кетпейт

12.06.2020, 17:00 Акчабар
МСК: Салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат жайылып кетпейт

Мамлекеттик салык кызматы социалдык тармактарда жана бир катар ММКларда ведомствонун маалыматтык порталы хакерлер тарабынан бузулуп, Кыргызстандын 800 миңден ашуун салык төлөөчүсү тууралуу маалыматтар ачыкталгандыгы тууралуу билдирүүлөрдүн жайылып жаткандыгы боюнча салык сырына кирген маалыматтын жайылып кетүү коркунучу жок экендигин маалымдайт.

Мурда «Утечки информации» каналынын авторлору «879271 жазууну камтыган файл алгач ушул жылдын апрель айында англис тилдүү форумда жайгаштырылып, 2-июнда ошол эле колдонуучу тарабынан орус тилдүү форумга кайрадан коюлгандыгын» жазышкан.

Алдын ала талдоодо сөз болуп жаткан файлда салык төлөөчүлөрдүн реквизиттери, атап айтканда аты-жөнү/аталышы, ИСНи жана дареги чогултулгандыгы күбөлөндүрүлгөн.

Белгилей кетсек, аталган маалыматтар – салык төлөөчүнүн аталышы жана реквизиттери КР Салык кодексинин 54-беренесине ылайык ачык маалымат болуп саналат жана салык сырына кирбейт.

Салык кызматынын сайтында суроо-талап боюнча аталган реквизиттердин ачык электрондук сервиси жарыяланган. Салык төлөөчүлөрдүн реестринен маалыматтарды алуу боюнча ушул сыяктуу жалпыга жеткиликтүү сервистер Европада, Казакстанда, Россияда, Өзбекстанда жана башка өлкөлөрдө да бар.

Ошону менен бирге 2019-жылдын башынан тартып Салык кызматы тарабынан ачык электрондук сервистерди колдонууда SQL инъекциясын пайдалануу менен мүмкүн болгон кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралардын топтому кабыл алынган.

Мындан тышкары, 2020-жылдын башталышынан бери салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлорун ишке киргизүүгө даярдыктын алкагында, Салык кызматы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте маалыматтык системаларга жана техникалык инфратүзүмдөргө комплекстүү аудит жүргүзүүдө. Алдын ала алынган жыйынтыктарда IT адистеринин маалыматы боюнча кандайдыр бир кооптонуулар катталган эмес, ошону менен бирге маалыматтык коопсуздуктун талаптарын күчөтүү боюнча айрым сунуштар алынган.

Демек, Салык кызматы туруктуу негизде өзүнүн маалыматтык системаларын жана техникалык инфратүзүмдөрүн коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт жана салык сырына кирген маалыматтардын ачыкка чыгып кетишине жол бербейт.

Тэги: МСК салык маалымат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть