Мүлктөрдү, акча  каражаттарын  легалдаштыруу  же  адалдаштыруу боюнча  бизге  кандай  мыйзам керек?

02.06.2020, 10:00 Акчабар
Мүлктөрдү, акча  каражаттарын  легалдаштыруу  же  адалдаштыруу боюнча  бизге  кандай  мыйзам керек?

Ушул тапта Жогорку Кеңеште «​Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат. Буга чейин бул мыйзам долбоору Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде талкууланып, андан кийин Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окуудан өткөн.

Аталган мыйзам долбоору кабыл алынып мыйзам иштей баштаса, көмүскөдө иштеп жаткан экономикалык субьектилер ачыкка чыгып, алардын коомдогу орду мыйзамдуу жолго салынат. Легалдашкан, башкача айтканда адалдашкан мүлктөр, каражаттар мамлекеттин пайдасы үчүн иштей баштайт. Эксперттердин эсеби боюнча ушул тапта Кыргызстанда көмүскө экономикада иштеп жаткан экономиканын көлөмү 30-40 пайызды түзөт. Бул мыйзам көмүскө экономиканын субьектилерин ачыкка чыгарып, аларды мыйзамдаштырууга жардам берет. Мындай мыйзам долбоор жаңылык деле эмес. Буга чейин мындай мыйзам бир топ өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашкан учурлар да, ал максатына жетпей калган учурлар да арбын эле кездешет. Эми бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ал Кыргызстанда кандайча иштейт? Мыйзам кандай принциптерге негизделген, мурдагы чала жазылган мыйзамдардын кемчиликтери эске алынып жатабы? Башка өлкөлөрдүн кандай тажрыйбалары бул мыйзамга кириши мүмкүн? Мына ушундай жана башка суроолорго аталган мыйзам долбоорун демилгелеп чыккан КР Экономика министринин орунбасары Бекболот Алиев төмөнкүчө комментарий берди:

  • Аталган мыйзам долбоору бардык катмардагы адамдарга тиешелүү. Мыйзамдын негизги максаты – буга чейин ар түрдүү себептер менен, кээде саясый кээде салыктык себептердин айынан, же убагында толук иштелип чыкпаган укуктук-ченемдик актылардын айынан кандайдыр бир тапкан кирешелери мыйзамга туура келбеген, же болбосо мыйзамдуу иштеп бирок убагында салыктарын төлөбөй калган ишмердүүлүктөрдөн тапкан каражаттарды мамлекет легалдаштырып берүү саясатын мыйзам аркылуу баштап жатат. Дүйнөдө көп өлкөлөр ушундай механизмди колдонууга барышат. Биз дагы ушундай кадамдарга барбасак, ошондой мүлктөр, каражаттар андан ары деле көмүскө экономикада иштей бериши мүмкүн.

Бизде азыр биринчи этап кетип жатат. Анда мыйзам аркылуу ошондой мүлк, каражаттарды легалдаштыруу, андан кийинки этапта бардык жарандарды декларация толтурууга өткөрүү, андан кийинкиде декларация толтурган убакта көрсөтпөй койгон мүлкү же кирешеси болуп калса, андай адамдарга жоопкерчиликти кароо сыяктуу үч этап менен бул мыйзам ишке ашырылат. Биринчи этапта мыйзамдын максаты – көмүскө мүлк, каражаттардын бардыгын ачыкка чыгарып, аларды экономиканы стимулдаштырууга иштетүү. Мыйзам долбоорунда негизги принциптер каралган, биринчиси мамлекет бир убакытка чейин чектөө коет, ошол убакытка чейин кандайдыр бир мүлктөр, акча каражаттары болсо аларды адалдаштыруу зарыл, мамлекет ага эч кандай доо койбойт. Салыкты, салыктык айыптарды, салык үстөктөрүн талап кылбайт. Ошол эле убакта мыйзамдашылган мүлктөргө, кирешелерге салыктык талап коюлбайт, легалдашкан мүлккө, аны легалдаштырган адамга кылмыш иши козголбойт, мүлктү тартып алууга мамлекет барбайт деген кепилдиктерди берет. Мүлктөрдүн, кирешелердин канча санда легалдашуусуна чек жок. Бирок мыйзам долбоорунда 70 миллион сомдук чек каралган. 70 миллион сом дегенибиз, ушул суммага чейин легалдаштырылган мүлккө жана акча каражаттарына эч кандай төлөм жок. Эгер 70 миллион сомдон ашкан мүлктөр менен каражаттар болсо, аларга 700 миң сом төлөп койсун да легалдаштыра берсин деген принцип жатат. Мыйзамдын иштеп кетүүсүнө ага камтылган принциптер таасир берет. Биринчиси, мамлекет мыйзам аркылуу ишенимдүү кепилдиктерди бериши керек. Экинчиси, жакшы маалыматтык кампания жүрүшү керек. Андан кийин бардык мамлекеттик органдар ушул мыйзамдын так аткарылуусуна аракет кылуулары зарыл.

Мүлктөрдү, кирешелерди легалдаштыруу аракеттери буга чейин деле Кыргызстандаболуп, бирок 2007-жылдагы жана 2009-жылдагы мыйзамдар иштебей калган. Себеби алардагы кепилдиктерге эл ишенген эмес. 2010-жылы да бийлик алмашкандан кийин ошондой мыйзам кабыл алынып бирок ишке ашкан эмес. Кийин 2013-жылы да ушундай кампания жүрүп, ага 9840 адам катышып, жалпысынан бюджетке 37 млн. сом акча түшкөн. Бирок бул баары бир жакшы натыйжа эмес эле. Себеби бул акцияны анализдеп чыкканда, анда арыз берүү механизми болгон. Мисалы, бир адам менде бир миллион сомдук мүлк бар эле деп арыз жазып аны нотариус аркылуу легалдаштырып кете берген. Эч ким андан тактап сураган эмес. Ал эми азыркы жаңы мыйзам долбоорунда мүлктү легалдаштырып, мамлекет кепилдик бергенден кийин чыныгы мүлктү, каражаттын анык суммасын көрсөтөсүң деп жатабыз. Эгер акча болсо ал кайсы банкта турат, ошол банктын тиешелүү кагазы, мүлк болсо ал кайсы жерде жайгашкан жана ошол мүлк мүлк ээсине катталышы керек. Ошондон кийин гана легалдашуу мыйзамдуу деп эсептелет. Дагы бир нерсе, мурдагы мыйзамдарда мүлктөр, каражаттар легалдашкандан кийин ал экономикада иштей берет деп, бирок башка механизмди колдонуу тууралуу айтылган эмес. Азыр кабыл алына турган мыйзамда легалдашкан каражатты экономикада кантип иштетүү керектиги боюнча бир нече сунуштар түшүп жатат. Экинчи окууда ал сунуштар да каралат. Легалдашкан каражатты экономикага кантип иштетүү керек? Легалдашкан каражаттан эч кандай төлөм алынбайт, бирок легалдашкан мүлктүн же каражаттын 10 же 15 пайызына мамлекеттик баалуу кагазды сатып алуу механизмин киргизүү сунушу болуп жатат. Мүлк ээси мамлекеттик баалуу кагазды алганы анын мүлкүн тартып алуу эмес, болгону мамлекеттин экономикасына салым болот. Ал баалуу кагаздардын мөөнөтү 7-10 жыл же андан да узак болушу зарыл. Ушунча убакытта мүлк ээси баалуу кагаздардын пайызынан деле киреше табат. Эң негизгиси, мамлекет мүлктү ачыкка чыгарып легалдаштырып, аны приоритеттүү долбоорлорго иштетсе болот.

Мындай тажрыйба көп эле мамлекеттерде болгон. Мисалы, Түркияда легалдаштыруу акциясынан кийин 20 млрд. доллар ачыкка чыгып адалдашкан. Ушунун аркасы менен анын экономикасы өнүккөнү маалым. Италияда да ушундай механизм иштеген. Казакстанда да акыркы легалдаштыруу кампаниясы жакшы болду деген эксперттердин пикири бар. Натыйжада 480 млн. доллар легалдашкан. Россияда да ушундай акция жүрүп, анын акыркы этабы 2019-жылы аяктаган. Бирок башында бул акциянын мыйзамдык мүчүлүштүктөрү болгон. Башында легалдашкан мүлккө тийишкен эмес, бирок күч органдары башка бир себептер менен легалдашкан мүлктүн кагаздарын сотто адамдын күнөөсүн далилдей турган документ катары алып чыгышкан. Муну дагы бир жаман көрүнүш катары кабыл алышып, Мамлекеттик Думада бул мыйзамга кайра өзгөртүү киргизишти. Анда легалдашуу процессинде көрсөтүлгөн бир дагы документ кандайдыр бир кылмыш ишине, административдик иштерге далил катары колдонулбасын деген ченемди мыйзамга киргизип коюшту. Мүмкүн биз дагы башка мамлекеттердин бул мыйзам боюнча кемчиликтерин эске алып, ушундай механизмдерди дагы киргизишибиз мүмкүн. Негизи биз дагы жарандарга алардын легалдашкан мүлкү, каражаты боюнча документтер башка иштерге колдонулбай тургандай кепилдиктерди мыйзамга жазышыбыз керек.

Мындай караганда катардагы жөнөкөй адамга бул мыйзамдын кереги жоктой көрүнүшү мүмкүн. Себеби анын легалдаштыра турган мүлкү, каражаты деле жок да. Бирок бай адамдар каражатын, мүлкүн легалдаштырып аларды экономиканын өсүшүнө багыттай турган болсо, бюджетке түшкөн каражаттар ар бир адамга пайдасын тийгизет. Ошондуктан бул мыйзам бардык жарандарга тиешелүү.

Бирок легалдаштыруу процесси башталгыча мыйзамсыз мүлк, каражаттар боюнча соттук териштирүүлөр, кылмыш иликтөөлөр болуп жатса, анда бул мыйзам андай иштерге колдонулбайт.

Бекболот Алиев, Экономика министринин орун басары

Тэги: Жогорку Кеңеш акча  каражат легалдаштыруу 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть