Мыйзам ченемдерин аткарбаган 16 салык кызматкери жазаланды

23.10.2020, 15:30 Акчабар
Мыйзам ченемдерин аткарбаган 16 салык кызматкери жазаланды

Мамлекеттик салык кызматына 2020-жылдын 9 айында жарандар жана салык төлөөчүлөрдөн 95 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Анын ичинен жазуу жүзүндө – 40 билдирүү, электрондук почта аркылуу – 34, «ишеним телефонуна» жана «шыр байланыш» номерине – 21 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 20 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 56 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 19 – ар түрдүү маселелери боюнча болгон.

«Бардык кайрылуулар мыйзамга ылайык белгиленген мөөнөттө каралды. Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 16 кызматкер жазаланды, анын ичинен 2 кызматкер кызматтан бошотулду, 2нө катуу сөгүш, 5нө – сөгүш, 4 – эскертүү, 1 – ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды жана 2 кызматкер ротацияландыгы. Мындан тышкары, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 4 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди», - деп жазылат маалыматта.


Тэги: Мыйзам ченемдер салык кызматкерлер салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть