Алтынбек Сулайманов: «Акча алмаштыруучу жайларды жабууга каршымын»

20.04.2020, 18:10 Акчабар
Алтынбек Сулайманов: «Акча алмаштыруучу жайларды жабууга каршымын»

Жакынкы күндөрү депутаттар акча алмаштыруучу жайларды жабуу тууралуу демилге көтөрүп чыгышкан. Учурда бул демилге коомчулуктун катуу сынында. Ушул эле демилге Улуттук банк тарабынан 2015-жылы көтөрүлүп, бирок коомчулук жана депутаттардан колдоо таппагандыктан, мыйзам өткөн эмес.

Акча алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча эл өкүлдөрүнүн бири Алтынбек Сулайманов дагы үн катты. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу кесиптештеринин пикирине кошулбарын билдирип, бул демилге ишке ашса канчалаган жумушсуз орундар пайда болорун айтты. Депутат өзүнүн кайрылуусу аркылуу эч кандай пиар жасабай тургандыгын, эгерде бул мыйзам долбоору ишке ашса элге жана туристтерге дагы кыйын боло турган оюн гана билдирип жаткандыгын угууга болот.

Эске сала кетсек, депутаттардын тобу өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Бул чечимин алар өлкөдөгү валюта рыногундагы болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу жана регулятордун мыйзамын бузгандардын аныкталышы менен түшүндүрүшкөн.

Тэги: Мыйзам долбоору Акча алмаштыруучу жай Депутат Алтынбек Сулайманов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть