Тармактык комитет инвестициянын колдоого багытталган мыйзам долбоорун жактырды

18.05.2020, 16:00 Акчабар
Тармактык комитет инвестициянын колдоого багытталган мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбаев А. М., Жээнбеков А. Ш., Зулпукаров Т. З., Керезбеков К. К. жана Акаев Ж. К.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин депутат Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоору аймактарды өнүктүрүү менен Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жумушчу орундарын түзүүгө багытталганын белгилеп, ошондой эле эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу аркылуу аларды иш менен камсыздоо максаты коюлганын кошумчалады.

Мындан сырткары, мыйзамдын маалымкат негиздемесинде азыркы учурда эң перспективдүү деп экспортко-багытталган өндүрүш ишканалары, инновациялар жаатындагы ишканалар жана ИКТ, ошондой эле туризм, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр секторундагы ишканалар эсептелери белгиленген. Ага ылайык ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы аталган бардык ишканаларга таасирин тийгизет, себеби алар инвестициялоо шарттарына муктаж же аларды колдонушу мүмкүн.

Талкуу маалында депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоорун колдой тургандыгын белгилеп, бирок жерлерди трансформациялоо маселесине тыкыр көзөмөл керек экендигине токтолду. Муну менен катар жерлерди инвентаризациялоо керектигин да кошумчалады.

Ал эми депутат Алмазбек Акматов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы өзүм билемдикке жол бербөө үчүн трансформация маселесин караган ыйгарым укуктуу орган түзүү сунушун берди.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Тэги: Жогорку Кеңеш мыйзам Мыйзам долбоору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть