Мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча «Кадастр» ишканасынын жетекчиси кармалды

09.12.2020, 15:10 Акчабар
Мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча «Кадастр» ишканасынын жетекчиси кармалды

Мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча каражатын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында мыйзамсыз акча чогултуу фактысына өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.К.К. (Ботобаев Каныбек Калбаевич) тиешеси бар экендиги такталды.

2020-жылдын 7-декабрында чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Б.К.К. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тэги: Мыйзамсыз акча чогултуу Кадастр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть