Опубликовано
02.09.2020, 05:30Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө лицензиясыз алкоголдук продукцияларды сатып жаткандарды кармашты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
[news 27634]
«Ар кандай аталыштагы жана идиштеги 29 миң 145 бөтөлкө алкоголдук продукция, анын ичинен Бишкек шаарында – 13 873 бөтөлкө алкоголь, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда – 15 272 бөтөлкө сыра табылды», - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жалпы республика боюнча буга окшогон рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.