Мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк үчүн жаза күчөшү мүмкүн

22.11.2023, 14:25 Акчабар
Мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк үчүн жаза күчөшү мүмкүн

Парламент мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштап жатат. Тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексине адамдарга олуттуу зыян келтирген мыйзамсыз эксперимент жүргүзүү үчүн жазаны катаалдаткан түзөтүүлөр кириши мүмкүн.

Азыр бул үчүн 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул салуу же 40 сааттан 100 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу каралган. Демилге авторлору айып пулду 500 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштап жатат.

Кошумчалай кетсек, документте лицензиясы жана билими жок иш жүргүзгөндүгү үчүн жазалоо тууралуу беренелер бар. Мындай учурларда айып 1 миллион сомду түзүшү мүмкүн.

Мыйзам долбоору талкууга коюлду.

Тэги: медицина жаза айып мыйзам парламент долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть