Опубликовано
22.02.2022, 04:00Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында А.Абдраимов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Курулушу 2017-жылы башталган мектепке республикалык бюджеттен 67 млн сом жумшалды.
Жергиликтүү бийлик быйыл мамлекет тарабынан облустагы ар бир райондо 4-5тен социалдык объектиге каражат берилерин кошумчалады.