Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

23.04.2020, 10:15

Нарында 11 миң 293 орто жакыр үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

[news 23475]

Анын айтымында, облуста жалпы 18 миң 542 орто жакыр үй-бүлө бар.

«Калган 7 миң 249 үй-бүлөгө жардам берилет. Ал эми күнүмдүк иштеп, акча тапкандардын саны 5 миң 843 үй-бүлө болсо, 4 миң 666 үй-бүлө жардам алды. Жардамдар коомдук уюм, бейөкмөт уюмдардан да келүүдө», - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.


Читать похожее

  • 24.02.2021, 22:15:33
  • 22.12.2020, 22:20:52
  • 17.12.2020, 22:00:01
  • 25.11.2020, 21:05:27