akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Кабар

    Опубликовано

    27.05.2020, 10:00

    Кечээ, 26-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда оор кырдаалга кабылган жарандарга материалдык жардам көрсөтүлдү.

    [news 24598]

    Маалыматка ылайык, жардам жалгыз бой энелерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жетим балдарга жана социалдык жактан аялуу адамдарга берилди. Жалпы суммасы 600 миң сомду түзгөн каржылык жардам 120 адамга көрсөтүлдү. Алардын ар бирине 5 миң сомдон берилди.

    Мындан тышкары, 20 тоголок жетим балага каржылык жардам көрсөтүү үчүн банкта депозиттик эсеп ачылган. Белгилүү болгондой, жергиликтүү ишкер айым Асел Асанова бул балдарга колдоо көрсөтөт. Депозиттик эсеп ачуунун демилгечиси орто мектептин мугалими Фарида Көчөрова болгон.


    Читать похожее

    • 23.08.2024, 00:53:58
    • 21.12.2023, 05:00:20
    • 23.11.2023, 21:33:05
    • 17.10.2023, 23:15:32