Насыя алууда банктык документтердин саны жетиден үчкө кыскартылды

17.08.2020, 17:05 Акчабар
Насыя алууда банктык документтердин саны жетиден үчкө кыскартылды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта, премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча азыркы тапта ишкерлерди колдоо программасынын алкагында бөлүнгөн 14 млрд сом өздөштүрүлүп жатат.

Ал аймактардагы ишкерлерди колдоо, анын ичинде ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүдө бюрократиялык иш-аракеттерди болушунча кыскартуу боюнча чаралар тууралуу маалымдады.

Насыя алууда банктык документтердин саны жетиден үчкө кыскартылганы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттин тартыштыгы менен көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу боюнча иштерди күчөтүү үчүн иш-чаралардын деталдуу планын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, материалдык резервди дан эгиндеринин жана дары-дармектердин кору менен толуктоого көңүл бурду.

Ошону менен бирге «Санарип аймак» аянтчасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аймактардагы калкка көрсөтүлгөн бардык мамлекеттик кызматтар электрондук форматка өткөрүлүшү керектиги айтылды.

Тэги: президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть