Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.03.2024, 08:00

    Ноокатта соода-логистикалык борборду куруу жана башкаруу долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлду. Бул тууралуу МЖӨ борборунан билдиришти.

    Документке Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара Стоун” ЖЧКсынын ортосунда кол коюлган.

    Долбоор заманбап соода-логистикалык борборду, анын ичинде соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн соода борборлорун, кайра иштетүүчү цехтерди, кампаларды (муздаткычтар), унаа токтотуучу жайларды курууну камтыйт.

    Долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу пландаштырылууда. Анын алкагында 4 миңден ашык жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө.


    Читать похожее