Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

24.11.2020, 08:55

Ноокат районунун айыл өкмөтү жана жер-агрардык реформа Борборунун жетекчилери, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланышып, 0.18 гектар муниципалдык бала-бакчаны болгону 60 миң сомго жеке менчикке мыйзамсыз сатып жиберишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

[news 30227]

Текшерүү учурунда бул бала-бакчанын рыноктук баасы 4 млн 129 миң сом турары анык болгон

Белгилей кетүүчү нерсе, КР Мыйзамдарына ылайык, муниципалдык мекемелерди жеке менчикке берүүгө тыюу салынган.

«Бул факт Кылымшытардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине 320-беренеге ылайык (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) катталды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталды», — деп жазылат маалыматта.


Читать похожее