Ноокаттын алмасы быйыл эки эсеге кымбаттады

14.10.2021, 16:30 Акчабар
Ноокаттын алмасы быйыл эки эсеге кымбаттады

Ош облусунун Ноокат районунда быйыл алманын баасы түрүнө карап 35 сомдон 70 сомго чейин сатылууда. Бул тууралуу “Акчабарга” Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Былтыркы жылдын ушул мезгилинде алманын баасы 15 сомдон 25 сомго чейин сатылган.

“Быйыл алмага талап күч. Алмалар сортуна карап ички базарда сатылат жана Орусияга экспорттолот”, - деп билдирди Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Мухаммедкалый Турдуев.

Ноокат району боюнча үч миң 150 гектар аянтка алма эгилет.

Тэги: алма экспорт баа Ноокат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть