Новиков: пандемия ата мекендик ишкерлердин ишине терс таасирин тийгизди

03.12.2020, 16:30 Акчабар
Новиков: пандемия ата мекендик ишкерлердин ишине терс таасирин тийгизди

Бүгүн, 3-декабрда Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн экономиканы турукташтыруу боюнча артыкчылыктуу чаралары талкууланды.

Артем Новиков коронавирус инфекциясы жана анын кесепети өлкө экономикасына олуттуу таасирин тийгизгенин белгиледи.

«2020-жылдын 10 айындагы расмий маалыматтар боюнча экономикалык төмөндөө 7,4% түздү. Ошондой эле салык жана бажы кирешелеринин азайышынан улам, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн каржыланбай калуу коркунучу жана 2020-жылдын аягына чейин бюджеттин пландаштырылган киреше бөлүгүнүн аткарылышы үчүн фискалдык тобокелдиктер бар. Пандемия ата мекендик ишкерлердин ишине терс таасирин тийгизди», - деди ал.

Бизнести колдоо максатында өкмөт салыктарды төлөөнүн, салык декларацияларын тапшыруу мөөнөттөрүн жылдырды, салык келишимдеринин милдеттенмелерин кайра карап чыкты, салыктык санкциялар боюнча карыздар, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туумдар жана айыптар боюнча карыздар реструктуризацияланган, мамлекеттик мүлк объектилери боюнча ижара төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулган. Мындан тышкары, бизнести кошумча колдоо үчүн жеңилдетилген насыяларды, дыйкандарга субсидияларды берүү жана каржылоонун жаңы инструменттерин берүү чаралары каралууда.

Тэги: өнөктөш Артем Новиков Өкмөт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть