Новиков: Өкмөт кытайлык инвесторлорду коргоого даяр

25.11.2020, 11:30 Акчабар
Новиков: Өкмөт кытайлык инвесторлорду коргоого даяр

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень билдиргендей, Кытай бийлиги тарабынан Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамды көрсөтүү чечими кабыл алынган. Жакын арада өлкөгө Кытайдан коронавирус менен каршы күрөшүүчү жабдыктар келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков КЭР менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер достук, өнөктөштүк жана коңшулук принциптерге негизделген», - деп белгиледи Артем Новиков.

Тараптар кыргыз-кытай соода жана инвестициялык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

«Өкмөт кытайлык инвесторлорду коргоону камсыз кылууга даяр жана өз ара соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого багыт алды. Мен өзүм, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын теңтөрагасы катары инвестициялык өз ара аракеттенүүнү талкуулоо үчүн кытайлык бизнес өкүлдөрү менен жолугууга даярмын», - деп Артем Новиков ишендирди.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосунда жума сайын жарандык жана чартердик рейстерди уюштуруунун негизинде авиакаттамдарды кайрадан калыбына келтирүү мүмкүндүгү жөнүндө пикир алмашышты.

Тэги: кытайлык инвестор коргоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть