Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

06.05.2020, 06:15

COVID-19 коронавирустук инфекциясынан каза болгон медиктердин жакындарына компенсация төлөнүп берилбейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифинде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

[news 23168]

Министрдин орун басарына «ооруп калган медиктен анын үй-бүлө мүчөлөрү же жакындары коронавирус жуктуруп каза болсо, аларга компенсация төлөнүп берилеби?», - деген суроо узатылды.

Үсөнбаев мындай категориядагы жарандар каралган эмес экендигин маалымдады.

«Эгерде медик өзү ооруп калган болсо, анда комиссия атайын иштерди жүргүзөт. Андан кийин гана төлөм төлөнөт», — деп билдирди ал.