Опубликовано
09.11.2023, 11:20Нурдан Орунтаев Мамкурулуштун жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.
Мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов ээлеген кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, Нурдан Орунтаев вице-мэр болуп 2022-жылдын августунан бери иштеп келген. Ал мыйзамсыз курулуштарды, анын ичинде гараждарды, кафелердин жана соода борборлорунун кеңейтилген имараттарын бузуу менен эсте калды.